Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин күбө катары суракка барууга мажбурлап жатышат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, азыркы учурда БШКнын имаратына ИИМ кызматкерлери кирип келишти. Алар Боршайком мүчөлөрүн процесстик укуксуз эле күбө катары суракка жеткирүүгө аракет кылышкан.
«Бул мыйзам бузуучулукка жатат го жана Боршайкомдун ишине тоскоолдук кылуу катары эсептелинбейби?», — деп суроо салышат мекеме кызматкерлери.
Учурда тергөөчүлөр милиция чакырганы белгилүү.