Бишкекте 10 жашар бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза тапты

Автор -
500

Бишкектин 10-кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн терезесинен окуучу бала кулап түшүп, каза тапты. Бул маалыматты Октябрь райондук ИИБден тастыкташты, деп жазат  Kaktus.media. 

«2020-жылдын 21-октябрында саат 16:40 чамасында милицияга чалышып, Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жашы жете элек бала кулап түшкөнүн маалымдашты. Жерине барган ыкчам топ 2010-жылы туулган Д.Д. аттуу баланын жансыз денесин табышты», — деп билдиришкен ИИБден.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иш-чаралары жүрүүдө.

Буга чейин айрым соцтармак колдонуучулары бала борбордогу 62-мектептин окуучусу экенин жана мындай кадамга барышына онлайн окуудан улам үй-бүлөдө түзүлгөн жагдай себеп болгонун божомолдошкон.