COVID-19 илдетинен соңку суткада 4 адам каза тапты

Автор -

COVID-19 илдетинен жана пневмониядан соңку суткада 4 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын бирөө Баткен облусунун, дагы бири Ош облусунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары болушкан.

Март айынан бери өлкөдө бул илдеттен 1122 адам каза тапты. Жалпы 54 миң 6 адам ооруну жугузуп алган. 46 миң 726 киши илдетти жеңип чыкты. Учурда 2919 бейтап стационарда, 2745 бейтап үйдө дарыланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү