Бишкек мэриясы шашылыш билдирүү таратты

Автор -
213

Бишкек мэриясы шашылыш билдирүү таратты. Анда жакынкы сааттарда борбор калаада катуу шамал күтүлүп жатканы айтылат.

«Гидрометборбордун маалыматына караганда, жакынкы сааттарда жана күндүзгү убакытта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери күтүлөт. Биз автоунаа ээлерин унааларын бак-дарактардын жана кулап кетиши мүмкүн болгон объектилердин жанына койбоого чакырабыз. Эгер кулап калган бак-дарактарды көрсөңүздөр «Бишкек жашыл чарба» ишканасына кайрылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Ишкананын байланыш номери: 0770 830006.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү