Сирияга бараткан кыргыз жараны кармалды (фото)

Автор -

Кыргызстандан Сирия аймагында бара жаткан жолдо кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын кызматкерлери тарабынан улантылып жаткан контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар зонасына жалданмачыларды жөнөтүү каналы аныкталып, анын ишине бөгөт коюлган.

Маалыматка ылайык, 20-октябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын тергөө амалдарынын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында М.М. аттуу жаран кармалды. Кармалган жаран мурда жихаддык идеологияга тартылып, транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынан Сирияга эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга жөнөтүлгөн. Өз учурунда көрсөтүлгөн иш-чаранын натыйжасында жалданган адам Сирияга бара жаткан жолдо кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Азыркы учурда жалдоого жана которуу каналына катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү