Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди

Автор -

Суусамыр өрөөнүнө кар жааганына байланыштуу жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришти.

«Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жол кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолундагы айрым транспорттук каттамдарга чектөө киргиздик. Айдоочуларды жолго чыгаардан мурда унаанын дөңгөлөктөрүн кышкы шинага алмаштырып алуусун суранабыз. Ошондой эле аралыкты сактап, жанына аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алууну эскертебиз», — дешти мекемеден.

Ал эми интернетке колдонуучу тарабынан Төө-Ашуу жолундагы бүгүнкү абал жарыяланган. Анда автор жолдон өтүү кыйын болуп жатканын, мүмкүн болсо алыскы сапарга чыкпай турууну сунуштаган.

 

 

 

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү