Түптө 8-класстын окуучусу өз жанын кыюуга аракеттенген

Автор -

Ысык-Көлдүн Түп районунда 14 жаштагы өспүрүм өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 21-октябрь күнү болгон. Анда өспүрүм сарайга барып асынмакчы болгон.

«Өспүрүм жанын кыймакчы болгон учурда, чоң атасы көрүп калып сактап калган. Ага биринчи жардам көрсөтүлүп, райондук ооруканага алып барышкан. Учурда окуучу жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп жазылат маалыматта.

Баштапкы маалыматтарга караганда, ага 9-класста окуган бала «салык салган». Окуучу айласы кеткенде жанын кыюуга аракеттенген. Түп райондук милициясы фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки тергөө башталды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү