ЖАМК Атамбаевди №1 тергөө абагынан башка мекемеге которот

Автор -

Бүгүн, 26-октябрда саат 12:50дө экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулган иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде СИЗО-1ге алынып келди. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев аталган мекемеге алынып келгенден кийин профилактикалык сүйлөшүүлөр жана башка тиешелүү процедуралар жүргүзүлгөн. Андан кийин ал жалпы режимдеги камерага жайгаштырылган.

«Мекеменин администрациясына Алмазбек Атамбаевден «ачкачылык жарыялоо» боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес. Жактоочу Замир Жоошевдин ЖМКларга жарыяланган Атамбаевди кармоо шарттарына байланыштуу айткандары чындыкка дал келбейт.

СИЗО-1 борбордук жылытуу тармагына, ошондой эле борбордук канализацияга туташтырылып, мекеменин кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, видео байкоолор орнотулуп, анын жардамы менен борбордук кеңседен күнү-түнү онлайн режиминде көзөмөл жүргүзүлүп турат», — деп жазылат билдирүүдө.

Эртең ЖАМКда атайын комиссиясынын отурумун өткөрүү пландаштырылып, анда Атамбаевди башка мекемеге которуу маселеси каралат.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен соттолуп, 11 жыл 2 айга камакка алынган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ЖМКларга мурунку президентти бүгүн, 26-октябрда УКМКнын тергөө абагынан СИЗО-1ге которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушканын, мындан улам А.Атамбаев ачкачылык акциясын баштаганын билдирген.