Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Автор -

Милициянын кайгуул кызматы жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып болжол менен саат 19:00 чамасында Чыңгыз Айтматов жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол кыймылынын коопсуздук эрежесин бузган «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны токтоткон.

Текшерүү учурунда мамлекеттик номери башка БМВ 520 үлгүсүндөгү унаага тиешелүү болуп чыккан. Бул факты боюнча унаа айып короосуна токтотулуп, ал эми 1985-жылы туулган Ж.М. аттуу айдоочу Октябрь РИИБине өткөрүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү