Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Автор -
218

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал Баткен облусунун башчысынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

25-октябрда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагынан тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Мындан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Тажик тарап курулуш иштерин Кыргызстандын аймагы болуп эсептелген 50 метр аралыкта жана тактала элек аймакта жүргүзгөн. Мындан улам Кыргызстандын чек арачылары буга чейинки эки тараптуу макулдашууга ылайык, делимитация жүрө элек аймакта курулуш курууга мүмкүн эместигин эскертип, токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик жарандары Кыргызстан чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартышып, оозеки кайым айтышууга барышкан.

Өз учурунда Кыргызстан чек арачылары аскер кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолуктарын сактоо үчүн жана чыр-чатактын өөрчүп кетпөөсүн алдын-алып асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Маалыматка караганда, азыркы учурда курулуш иштери токтотулду. Эки тараптын тийиштүү мекемелеринин жетекчилери жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү.

Бөлүшүү