Садыр Жапаровдун эжеси Эркин Асрандиевге жооп берди

Автор -
201

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтканына жооп берди.  Асрандиев мындан эки күн мурда өзүнүн кызматтан баш тартуу себебин түшүндүрүп жатып, Жапарова «Ысык-Көл Инвест банкта» төрайым болуп турган убакта мыйзамсыз операциялар жасалгандыгы тууралуу билдирген.

Жапарова Асрандиев айтып жаткан мыйзамсыз операциялар тууралуу документтер менен далилдеп берүүнү талап кылды. Ошондой эле ал экс-вице-премьер-министрден бул маселени эмне үчүн жети жылдан соң көтөрүп жаткандыгы тууралуу сураган.