COVID-19: Бишкектин ооруканаларында 69 орун бар

Автор -

28-октябрь эртең мененки саат 8:00гө карата Бишкектеги ооруканаларда коронавирус менен катталгандарды кабыл алуу үчүн 69 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

— Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында — 2 орун;

— Улуттук фтизиатрия борборунда — 5;

— Улуттук хирургия борборунда — 7;

— Улуттук госпиталь — 0;

— Улуттук кардиология жана терапия борбору — 19;

— №1 шаардык клиникалык оорукана — 4;

— Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 3;

— Темир жол ооруканасы — 0;

— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9;

— Улуттук онкология жана гематология борбору — 4;

— №2 клиникалык төрөт үйү — 16.

Белгилей кетсек, 22-октябрда аталган ооруканаларда жалпы 376 бош орун болсо, 23-октябрда 349 бош орун калган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү