ЖК комитети Сурабалдиеванын вице-премьерликке талапкерлигин жактырды

Автор -
Сүрөт: kenesh.kg

Жогорку Кеңештин конституциялык комитети Эльвира Сурабалдиеванын вице-премьер министрликке талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

Ошондой эле профилдик комитет Аида Исмаилованын социалдык өнүктүрүү министри болгонго талапкерлиги каралып, жактырылды.

Эске салсак, кечээ, 27-октябрда Аида Исмаилова социалдык маселелер боюнча вице-премьер министрлик ыйгарым укуктарын, ал эми Эльвира Сурабалдиева депутаттык мандатын тапшырган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү