COVID-19 илдетинен сутка ичинде эки адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бейтаптардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан.
28-октябрга карата Кыргызстанда аталган оорудан жалпы 1138 киши каза тапты.