Сауд Арабия Падышалыгы кыргызстандыктардын умра сапарын жасоосуна убактылуу уруксат берген жок. Бул туурасында Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сауд Араб Падышалыгы үчүнчү этап менен 1-ноябрдан баштап сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууну баштап, 108 өлкөгө уруксат берди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларусия өлкөлөрү бар.
Азырынча убактылуу уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 20. Алардын катарында Иран, Египет, Катар, Италия жана Кыргызстан бар.
Ал эми уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 56. Алардын катарында Кувейт, Орусия, Украина, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары бар.
Эске салсак, 23-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгы 3 этап менен коронавирус илдети азайган өлкөлөргө умра ибадатын аткарууга уруксаат бериле тургандыгын жарыялап, ал үчүн атайын график иштелип чыгаарын маалымдашкан.