Ошто жол кырсыгынан 3 өспүрүм каза тапты

Автор -

Ош шаарында жеңил унаа электр мамысын сүзүп, унаада жүргүнчү катары бара жаткан 3 бала каза болду. Бул тууралуу ОШ ШИИБине таянып, Super.kg порталы жазды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-октябрь күнү саат 02:00 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрүнүн биринде болгон.

Анда Mercedes-Benz унаасын Ош облусунун Кара-Суу районунун 17 жаштагы тургуну К.А. башкарып бараткан. Май куюучу жайга жеткенде ал рулду башкара албай калып, электр мамысын сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Унаада жүргүнчү катары бара жаткан 16 жаштагы О.У. окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми 17 жаштагы М.С. жана 15 жаштагы К.у.А. Ош облустук ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракаттарынын негизинде эсине келбей каза болушкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Каза болгон мектеп окуучуларынын ата-энелери жандандыруу бөлүмүндө жаткан айдоочуга эч кандай дооматтары жок экенин билдиришип, каза болгон балдарга медициналык экспертиза кылдыруудан баш тартышкан.

Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү