Бишкекке жаңы вице-мэрлер дайындалды

Автор -

Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, Нариман Түлеев шаардын вице-мэри кызматынан бошотулду, анын ордуна мурунку вице-мэр Алмаз Бакетаев кайра келди.

Айжан Чыныбаева шаардын социалдык маселелери боюнча вице-мэрлик кылат.

Айжан Чыныбаева 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан катышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү