Ошто күйөөсүнүн токмогунан каза болгон келиндин апасы да көз жумду

Автор -
243

Ош шаарында күйөөсүнүн токмогунан каза болгон кош бойлуу келиндин апасы да көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташболотов билдирди, деп жазат «Азаттык».

«Алган жараатынан улам мурдагы күнү каза болду. Мээсине кан куюлуп кеткен экен», — деген дарыгер.

22-октябрда Ошто жети айлык боюнда бар 29 жаштагы келин күйөөсүнүн токмогунан каза болгон. Маркумдун апасы да кылмышка шектүү жарандан катуу токмок жегенин айткан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жубайынын өлүмү үчүн шек саналган эркекти өткөн аптада кармаган. Ал Бишкекке качып кеткен жеринен колго түшкөн.  Кармалган эркек кызганычтан улам аялын сабаганын айткан. Алар жарандык никеде жашашкан.

Факт боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталып, шектүү №5 тергөө изоляторуна эки айга камакка алынган.

Адам укуктарын коргогон адистер Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып келатышат.

2020-жылдын январында Нарындын Кочкор районунда 37 жаштагы келин, Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Февралда Чүйдүн Сокулук районунда 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген. Мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн.

Апрелде Бишкекте зомбулукка кабылган келин төртүнчү кабаттан боюн таштаган. Июнда Сузакта аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөктү асып, колун артка байлап сабаган эркектин видеосу Интернетке тараган. Сентябрда Ала-Букада күйөөсүнүн келтегинен кутулуу максатында 33 жаштагы келин жанын кыйганы кабарланган.