Сириядагы согушчандарга акча чогултуп жүргөн жаран кармалды (фото)

Автор -

Сириядагы бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

2020-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, 1995-жылы туулган И.Н. аттуу кыргыз жаранын кармаган.

Кармалган адам ЭТУ жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын Сирияда согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн чогултуп жүргөндүгү аныкталды.

Террористтик ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки материалдар кылмыштардын жана жолуктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Бөлүшүү