Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жубайы жол кырсыгына кабылып, өзү жана 11 жаштагы кызы каза болуп, эки баласы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-октябрь күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун, тактап айтканда Өрүктү − Чок-Тал айылынын ортосунда болгон. Анда БМВ Х5 унаасын 31 жаштагы аял башкарып бара жаткан.
Айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдогу бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден айдоочу мүрт кетип, 11 жаштагы кызы ооруканадан көз жумган. Ал эми 7 жана 5 жаштагы балдары учурда Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.
Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.