Бишкек ЖЭБинде абал кандай?

Автор -

«Улуттук электр станциялары» ишканасы Бишкек ТЭЦтеги азыркы кырдаал тууралуу айтып берди.

Жылуулук борборундагы иш режими саат 15:15те калыбына келтирилгени белгиленди. Өткөн суткада ишкана 2 миллион 878 миң киловатт-саат электр энергия иштеп чыккан.

«Шаарга жылуулук кетип жатат. «Бишкек жылуулук» тарабынан белгиленген графикке ылайык +60 градус болууда», — деп билдирди ишкананын маалымат кызматы.

Ошондой эле жабдыктар дагы мурдагыдай иштеп жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, Бишкекте кечээ, 29-ноябрда, саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштаганы байкалган. Анын айынан жол чырактар иштебей, жол тыгыны жаралган. Ал эми Бишкек ЖЭБден оргуштап буу чыккан.

«Түндүк электр» ишканасы ЖЭБде энергетикалык жабдыктын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткендиктен буу чыгып, 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткенин түшүндүргөн.