COVID-19 илдетинен жана пневмониядан бир сутка ичинде 3 киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар төмөнкү аймактардан:
— Жалал-Абад облусу – 1
— Баткен облусу – 2
Март айынан бери бул илдет 1142 адамдын өмүрүн алып кетти. Өлкөдө коронавирус инфекциясына кабылгандардын жалпы саны 58 миң 394 адамга жетти. Алардын 49 миң 522си айыгып чыккан.