Шайлоодон кийинки башаламандыкта жабыркаган бала комадан чыга элек

Автор -

Бишкекте 6-октябрга караган түнү болгон башаламандыктар учурунда 24 жаштагы Улан Эркинбек уулу катуу жабыркап, баш сөөгү майдаланып кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын туугандары кабарлашкан.

Маалыматка караганда, жабыркаган баланын башына ошол эле түнү операция жасалган, андан бери комадан чыга элек.

Мээге кан куюлуп кеткендиктен биринчи операциядан 28 саат өткөндөн кийин экинчи жолу операция жасалган. Ал ошол учурда да комада болгон.

Туугандарынын айтымында, Улан эки күн мурун бир аз кыймылдай баштаган, бирок эсине келе элек.

Улан учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар тынчтык митингин өткөрүшкөн. Ал эки күнгө созулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык менен коштолгон. Толкуган эл Ак үйдү басып алып, бийлик алмашкан. Ал учурда күч түзүмдөрү менен митингчилер арасында кагылышуу болгон.