Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2-4-ноябрда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Жапаров облустардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышат. Мындан тышкары Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Ош шаарынын тургундары менен жолугушат.