Кыргызстанда доллардын курсу 84 сомдон ашты. Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 83,6-84 сомдон сатып алып, 84-84,4 сомдон сатышууда.
3-ноябрдын таңында бир доллар 83 сомдун тегерегинде болчу. Бир апта ичинде доллар дээрлик 2,5 сомго кымбаттады.
Сомдун курсун туруктуу сактоо максатында Улуттук банк октябрь айында эки жолу интервенция жасады. 29-октябрда 42,4 млн доллар сатылды. Жыл башынан бери 15 жолу интервенция жасалган.
3-ноябрда Улуттук банктын расмий курсу боюнча доллардын сомго карата наркы 81,80 сом деп белгиленди.