Үч эм төрөгөн келин үйүнө чыгарылды. Балдарын Садыр, Жапар, Нуркожо аташкан

Автор -
284

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги №6 төрөт үйүнөн 3 эм төрөгөн аял үйүнө чыгарылды. Балдар 29-октябрь күнү жарыкка келишкен.

Үч эмге Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу төрөт үйүнүн башкы дарыгеры Салтанат Назаралиева журналисттерге билдирген.

«Эне-балдардын абалы жакшы. Аларды жакындары келип чыгарып кетти. Балдарга чоң атасы менен чон апасы Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдарды ыйгарган», — деген Назаралиева.

6-октябрда Нарын аймактык ооруканасынан Бишкектеги №6 төрөт үйүнө 21 жаштагы келин келип түшкөн. Нарында ага кош бойлуулуктун 31-32 жумасы, оор преэклампсия диагнозу коюлган. Дарыгерлер кеңешип, кош бойлуулукту 35 жумалык кош бойлуулук мезгилине чейин узартууну чечишти. Үч жумадан кийин, тагыраагы, 29-октябрда операциядан кийин убагынан эрте төрөлгөн 3 ымыркай жарык дүйнөгө келген.