Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

Автор -

ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асанов бүгүн, 4-ноябрда үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова тастыктады.

Анын айтымында, бүгүн, 4-ноябрда прокуратура органынын өкүлдөрү Асановдун бөгот чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылышкан.

Прокуратуранын өтүнүчүндө Курсан Асановдун тергөөдөн жашырынуу ниети жок экени жана жашы жете элек балдары бар экени айтылган. Анын негизинде Бишкектин Биринчи Май райсоту Асановду 2020-жылдын 10-декабрына чейин үй камагында кармоо чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, 12-октябрда Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган. 29-октябрда иш 2-инстанцияда каралып, Бишкек шаардык соту райосттун чечимин күчүндө калтырган.


Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү