Жогорку Кеңеш күз-кыш мезгилине даярдыкты талкуулайт

Автор -

Бүгүн, 5-ноябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Анда 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңештин имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү жөнүндө маселе каралат.

Ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу Өкмөттүнүн маалыматы угулат.

Мындан тышкары, экономика тармактарын жана калкты 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү