Мэрия тойканалар 15 күнгө жабылышы мүмкүндүгүн эскертти

Автор -

Бишкек шаарынын бийлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тойканаларды жабууну караштырып жатат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал тойкана ээлерине кайрылып, эскертүү берди.

«Коронавирус кооптуу абалга келе жатат. Жалдырасак да, сурансак да болбой атасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган эме экенсиңер. Тойкана ээлери, бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз. Болдугула да эми. Сураныч. Өтүнүч. Элдер бизге талап коюп атат» — деди Түлөбаев.

Бөлүшүү