Нурлан Мотуев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Автор -

Нурлан Мотуев президенттик кызматка талапкер катары шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды.

Буга чейин 9 кишиден арыз түшкөн:

  1. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы, ЖК экс-спикери Адахан Мадумаровдон;
  2. Өзүн Кудай эсептеген Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай)
  3. «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов.
  4. Экономист Кубан Чороев.
  5. «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Бектур Асанов.
  6. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев.
  7. ЖК депутаты жана экс-спикери Канатбек Исаев.
  8. Пенсионер Абдыкаар Сыдыков.
  9. Комплекстүү жабдуу борборунун башкы директору, «Улутман» республикалык партиясынын» өкүлү Сазыкбай Турдумалиевден.

Андан тышкары президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Садыр Жапаров жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы шайлоого катышуу ниетинде, бирок азырынча документ тапшырыша элек.

Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү 2021-жылдын 10-январына белгиленген.