Бишкекте коронавирус боюнча абал оорлошуп баратат

Автор -

Бишкек шаарында коронавирус боюнча абал күндөн-күнгө оорлошуп баратат. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Жыпара Ашакеева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери коронавирус илдети 10 миң 852 шаар тургунунан лабораториялык түрдө тастыкталса, 10 миң 861 адамдан клиникалык эпидемиологиялык белгилери аныкталган.

«Борбор калаада илдет илээштиргендердин саны күн санап өсүүдө. Эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн негизинде сентябрь айында 175 жарандан короновирус аныкталса, октябрда 2116 бейтап катталган. Ал эми ноябрдын алгачкы он күнүндө эле 1055 бейтап катталды», — деди Ашакеева.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү