Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү жылдырылды

Автор -

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү 2021-жылдын 11-январына жылдырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.

Ал ошондой эле Ирина Карамушкинанын жактоочусунун судьяга ишенбөөчүлүк көрсөткөн өтүнүчү канааттандырылганын айтты. Жолдубаева белгилегендей, Марат Сыдыков мындан ары бул иш боюнча сот отурумдарын алып барбайт.

Жолдубаеванын айтымында, сот Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Амангелди Какебаев, Фархат Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков, Асель Кодуранова жана Ирина Карамушкинанын үй камагындагы мөөнөтүн узартты.

«Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов 9-октябрда Ала-Тоо аянтында массалык башаламандык уюштурган деп шектелип камакта жаткандыктан, сот алардын баш коргоо чарасын караган жок», — деген Жолдубаева.

Кийинки соттук отурумдарды кайсы судья алып барары азырынча белгисиз.