Башкы прокурордун орун басары дайындалды

Автор -

Абай Молдокматов башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Молдокматов Абай Молдокматович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды», — деп жазылган билдирүүдө.

Абай Молдокматов буга чейин Башкы прокуратуранын түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө кызматынын прокурору болуп иштеп келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү