Садыр Жапаров ЖМКлар үчүн маалымат жыйын өткөрөт

Автор -

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. Бул туурасында президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалымат жыйынына 86 республикалык жана чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист катталганы айтылды.

Маалымат жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Бөлүшүү