Садыр Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Автор -

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, тараптар кыргыз-россия мамилесинин абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшкөн.

«Жапаров Владимир Путинге коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын жана мамилесин мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын айтты», — деп жазылат маалыматта.

Телефон менен сүйлөшүү учурунда Путин Кыргызстандагы кырдаалдын турукташып, өлкө ичиндеги саясий маселелер эртерээк чечилип кетишин каалаган.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров ШКУнун видеоконференция форматындагы жыйынында Путинден телефон менен сүйлөшүүнү өтүнгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү