Декабрь жана январь айларында сасык тумоо күчөй турганы эскертилди

Автор -
453

Кыргызстанда сасык тумоонун күчөгөн мезгили келе жаткан декабрь-январь айларына туш келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

«Лабораториялык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда сасык тумоонун жогорку чеги декабрь жана январь айларынын аягында болот. Самые тумоо жана КРВИ (курч респиратордук-вирустун инфекция) суук мезгилде башталат. Себеби сасык тумоонун вирусу аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө туруштук берет. Мындан тышкары, адамдын вирустук оорулардан коргонуу жөндөмү суук мезгилде начарлайт. Эгерде класстагы же балдардын тобундагы бир окуучу ооруп калса, ал бир нече балага жугуп, бул оорунун кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Учурда сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө мамлекеттик уюмдардан тышкары, бардык региондордогу жеке медициналык борборлордо жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти департаменттен.

Маалымат үчүн:

КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу

  • Бейтаптарга көбүрөөк жатуу, сүт-жашылча диетасы жана көп суюктук ичүү сунушталат.
  • Илдетти жуктуруп алган учурда бет кап кийип жүрүү, коомдук жайларга барбоо сунушталат;
  • сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүгө үлгүрбөгөндөр организмдин табигый коргонуу күчү болгон иммунитетти көтөрүүсү керек: жашылчаларды, мөмөлөрдү, ит мурундан, кара карагаттан жана башка витаминдүү тундурмалардан көп колдонуусу кажет;
  • жеке гигиена сакталууга тийиш;
  • ар бир сейилдөөдөн келгенден кийин колуңузду самындап жууңуз;
  • жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозуңузду жана мурдуңузду салфетка же бет аарчы менен жабыңыз;
  • дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп туруу зарыл.