Президенттик шайлоо. Талапкерлердин саны 24кө жетти

Автор -

13-ноябрь түшкө чейинки маалымат боюнча Кыргызстанда президенттик шайлоого катышуу үчүн 25 адам арыз жазып, анын бири арызын кайра кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 12-ноябрда 9 киши шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырган. Алар: Элеонора Турдубекова, Садык Шер-Нияз, Урустам Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбылбек Камчиев,  Мыктыбек Арстанбек,  Токтайым Үмөталиева, Арсланбек Малиев.

Ошентип Кыргызстандын президенти кызматы үчүн ат салышууну каалагандардын саны 24 адамга жетти.

Алар төмөнкүлөр:

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Бакыт Бакетаев — саясатчы (арызын кайра кайтарып алды);
  7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
  8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  11. Кубан Чороев — экономист;
  12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
  13. Назарбек Нышанов — активист;
  14. Нурлан Мотуев — активист;
  15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  17. Элеонора Турдубекова — Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  19. Урустам Кабылбеков — Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  20. Илгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда жумушсуз;
  22. Жамбылбек Камчиев – «Куудул-Аралаш» коомдук фондунун президенти;
  23. Мыктыбек Арстанбек — «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  24. Токтайым Үмөталиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору;
  25. Арсланбек Малиев — Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык боюнча кыргыз коомдорунун бирлигинин президенти.