Быйыл пневмониядан каза тапкандар 2,5 эсеге көбөйдү

Автор -

Быйыл тогуз айдын ичинде Кыргызстанда пневмониядан 1 112 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам маалыматтарына таянуу менен Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын январь-сентябрында пневмония ооруларынын 26 48 миң учуру, ал эми 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 23 миң 990 учуру катталган.

Пневмония оорусу өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда – 1,9 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда — 11,5 пайызга өскөнү белгиленди.

2020-ж. январь-сентябрында өлүмдүн себептери боюнча өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы — шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына — 7 пайызы туура келди.

Ушул эле учурда, 2019-ж. январь-сентябрында пневмониядан 444 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынан 33 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында алардын саны 1 112 адамды же 54 пайызды түздү.

Өткөн жылдын январь-сентябрында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине деп алганда 9 өлгөндөрдү түзгөн, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында 23 өлгөндөрдү түзгөн же 2,5 эсеге көп.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү