Улуттук банк 23,4 миллион долларга интервенция жүргүздү

Автор -

16-ноябрда Улуттук банк кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 23,4 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында экинчи, ал эми жыл башынан бери 16-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 395 миллион доллардан ашуун акча коюлду.

Интервенцияны башкы банк улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырат.

Бүгүн, 17-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,80 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Бөлүшүү