Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин 486 адам жугузуп алганы такталса, ооруканадагы 555 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Айыгып чыккандар төмөнкү аймактардан:
— Бишкек – 140
— Ош шаары – 15
— Чүй облусу – 92
— Ош облусу – 72
— Талас облусу – 18
— Нарын облусу – 5
— Ысык-Көл облусу – 51
— Жалал-Абад облусу – 90
— Баткен облусу – 72.
Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну жалпы 67 миң 469 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 58 315 адам айыгып чыкты. Каза тапкандар — 1207.