Министр: Жарым айда 157 окуучудан коронавирус аныкталды

Автор -
233

Ноябрь айынын 16 күнүндө мектеп жашындагы 157 баладан коронавирус тастыкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айында 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында жалпы 48 учур катталган, октябрь айында 6,5 эсеге жогору болуп, 315 учур катталган. 16-ноябрга карата 157 учур аныкталды.

«Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок, бардыгы үй- бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушкан», — дейт министр.

Бөлүшүү