Таласта кесиптешинин өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Талас облусунда маркумдун өлүмүнө шектелип, чогуу иштеген кесиптеши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү Талас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жаңы-Чек көчөсүндө жайгашкан каналдагы сууда адамдын жансыз денеси жаткандыгын тууралуу кабарлашкан.

Билдирүүнүн негизинде тергөө-ыкчам топтору окуя болгон жерге чыгып, каналдын ичинен болжол менен 30-35 жаштагы эркек адамдын күч колдонулуп каза болгон жансыз денесин табышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү ишинде маркумдун аты-жөнү такталып, ал 1987-жылы туулган М.А. аттуу жаран экени аныкталган. Ал эми шектүү катары 1966-жылы туулган Ш.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, маркум менен шектүү пилорамада бирге иштешкен. Алар спирт ичимдигин ичип, андан соң ортодо пикир келишпестик чыккан.

Бөлүшүү