Москвада кыргызстандык кыз 5-кабаттын терезесинен кулап кетти

    Автор -

    Москванын Павелецкая метростанциясында 17 жаштагы кыргызстандык кыз бешинчи кабаттагы батирден кулап кетти. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

    Маалыматта 16-ноябрда элчиликтин юристи медициналык мекемеге барып мекендештин абалы менен таанышканы айтылат. Ал терезеден кокусунан кулап кеткени маалым болгон.

    «Түбү баткендик 17 жаштагы кыз бул жакта апасы менен жашап, Москва облусунун Дедовск шаарында окуй турганы аныкталды. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө өпкөсүн жасалма желдетүүчү аппараттын жардамы менен жатат. Дарыгердин айтымында, кыздын абалы өтө оор. Жүрөгү, өпкөсү жабыркаган, бөйрөгү жарылып, жамбаш сөөктөрү сынган жана мээси чайкалган», — деп айтылат маалыматта.

    Бул маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынган. Азыркы тапта ага операция жасатуу үчүн мекендештердин аракети менен каражат чогултулуп жатат.

    Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

    Бөлүшүү