Президенттик шайлоо өткөрүү штабын Максат Мамытканов жетектейт

Автор -

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен болгон жолугушууда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кабарлады.

Артем Новиков Өкмөт тарабынан президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө бардык күч-аракеттер жумшаларын, ал үчүн Республикалык штаб түзүлгөнүн, аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектей турганын кабарлады.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн 63 талапкер катталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү