COVID-19 илдетинен бир суткада 5 киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
- Бишкек – 1
- Талас облусу – 1
- Чүй облусу – 1
- Жалал-Абад облусу – 1
- Ош облусу – 1
Март айынан бери Кыргызстанда бул ооруну 67 миң 894 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 58 846 адам айыгып чыкты. 1212 адам каза тапты.