УКМК жакынкы убактарда визалык чектөөлөр алынарын убадалады

Автор -

Жакынкы мезгилде Кыргызстан ICAO PCD’нын маалымат базасына кошулат жана башка мамлекеттердин чек араларын тоскоолдуксуз өтүү үчүн жалпы жарандык биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Өлкөдөгү биометрикалык паспорттун тартыштыгына байланыштуу АКШ 2020-жылдын 31-январынан баштап кыргыз жарандары үчүн иммиграциялык визаларга жана грин-карталарга чектөө киргизген. Жыл аягына чейин Германиянын Muhlbauer ID Services GmbH компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жаңы муундагы биометрикалык паспорттордун бир бланкы 407 сомдон болгон биринчи партиясы Мамлекеттик каттоо кызматына жеткирилет», — деп жазылат билдирүүдө.

Өлкөгө электрондук биометрикалык паспорттордун киргизилиши АКШнын биздин жарандар үчүн визалык чектөөлөрдү кайра карап чыгуусуна негиз болуп берет.