COVID-19 илдетинен сутка ичинде 5 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
- Бишкек – 1
- Талас облусу – 1
- Чүй облусу – 1
- Жалал-Абад облусу – 1
- Ош облусу – 1
Кыргызстанда 19-ноябрга карата коронавирус жуктургандардын саны 68 миң 316 адамга жетти. Алардын ичинен 59 362 адам айыгып чыкты. 1217 адам оорудан оңоло албай каза тапты.