Коронавирус жуктурган 129 адам өтө оор абалда жатат

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 516 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

— Бишкек – 168
— Ош шаары – 10
— Чүй облусу – 78
— Ош облусу – 49
— Талас облусу – 16
— Нарын облусу – 8
— Ысык-Көл облусу – 45
— Жалал-Абад облусу – 50
— Баткен облусу – 92.

Учурда 3144 адам ооруканада дарыланып жатат, алардын ичинен:
— 58 адам (1,8%) — канааттандыраарлык абалда;
— 2072 (65,9%) — орто оордукта;
— 885 (28,1%) — оор абалда;
— 129 (4,1%) — өтө оор абалда.

Дагы 3870 адам үй шартында дарыланууда.

Кыргызстанда 19-ноябрга карата коронавирус жуктургандардын саны 68 миң 316 адамга жетти. Алардын ичинен 59 362 адам айыгып чыкты. 1217 адам оорудан оңоло албай каза тапты.

Бөлүшүү