Жактоочу Ак үйдөн табылган диск боюнча Башкы прокуратурага арыз жазды

Автор -

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочусу Сергей Слесаревдин абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартып алынган видео боюнча Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Жоошев соцтармактагы баракчасында билдирди. 

«Мен КР Башкы прокуратурасына КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси — «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча күнөөлүү кызмат адамдарын тергөө жана жоопко тартуу боюнча арыз бердим. УКМКнын тергөө абагы стратегиялык объект болуп эсептелип, атайын кайтарууга алынган УКМКнын борбордук имаратынын ичинде жайгашкан. Мындан улам бөлөк-бөтөн бирөө тергөө абагына кирип, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу менен сүйлөшкөнүн жаздырып ала албайт болчу. 320-беренеге ылайык, оордотуучу жагдайлар болгондо күнөөлүү адамдар белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылуу менен 10 жылга чейин кесилет. Башкача айтканда, бул — оор кылмыш. Кылмыш жасоого катышкан башка адамдар  (кардар, аткаруучу, шыкакчы ж.б.) аныкталса, алардын баары жеке кылмыш жоопкерчилигин тартышат. Эми биз Башкы прокуратуранын аракетин күтүп жатабыз …», — деп жазган жактоочу.

Буга чейин Замир Жоошев Атамбаев менен Слесаревдин тергөө абагындагы жолугушуусу жаздырылып алынган диск  5-октябрда Ак Үйдөн табылгандыгын билдирген.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү