Опера жана балет театрынын экс-жетекчиси кармалды

Автор -

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын мурдагы директору Болотбек Осмонов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган мамлекеттик мекеменин мурунку директору Болотбек Осмонов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына, ошондой эле маданияттын жана искусствонун кызыкчылыктарына каршы келген келишим түзгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бүгүн, 19-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда кармалган жарандын баш коргоо чарасы каралат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү